Орусияда 34.17 караттык сары алмаз табылды

Бул алмаз быйылкы эң чоң сары алмаз болду

832495
Орусияда 34.17 караттык сары алмаз табылды

Орусияга караштуу Якутиянын Анабар аймагындагы Эбелях дарыясынын түбүндө табылган алмаздын өлчөмү 20.17 x 19.65 x 15.1 мм экени белгиленди.

Алмаз иликтениш үчүн борбор шаар Москвага алып барылат.

Алмазды тапкан ишкананын жооптуу кызматкери Евгений Агуреев: «Быйыл ишкана катары түстүү алмаз чыгарууда рекорд жараттык. Мурда жылына кеминде 10 караттык алмаз чыгарчубуз. Бирок быйыл бир канча даана түстүү алмаз таптык. 34.17 караттык сары алмаз да булардын эң чоңу»,-деди.

Ишкана буга чейин да 27.85 караттык күлкүн түстөгү алмаз тапкан болчу.


Этикеткалар: #сары алмаз , #караттык

Тектеш кабарлар