Кымбат баалуу шакек жоголду
750 миң стерлинг наркындагы алмаз шакектин жоголуп кеткендиги маалымдалды
779408
Англиянын борбор шаары Лондондогу белгилүү British Museum, 750 миң стерлинг наркындагы алмаз шакектин жоголуп кеткенин билдирди.
Музейдин билдирүүсүндө, Cartier брендиндеги шакектин негизи 2011-жылы эле жоголуп кеткендиги бирок музейдин процедурасы боюнча жоголгон бөлүктүн аныкталышынан беш жылдан кийин «жоголду» деп катталганы белгиленди.
Атын айтпаган бир киши тарабынан музейге мурас калтырылган 750 миң стерлинг наркындагы шакек, музейдин мурастар коллекциясында турган эле.
Алмаз шакектин уурдалып кетсе деле кесип колдонулушу мүмкүн экени айтылууда.
Тектеш кабарлар
Эверестке чыккан непалдык альпинист бир айдын ичинде экинчи жолу дүйнөлүк рекордду жаңылады
Ританын 8 миң 848 метрлик чокуга жергиликтүү убакыт боюнча саат 08:00дө жеткени айтылды.