81 миллион жыл мурда жашаган динозаврлардын тиш калдыктары табылды

Япониянын түштүк батышында болжол менен 81 миллион жыл мурда чөп жеп жашаган динозаврлардын 35 тиш калдыктары табылды.

773443
81 миллион жыл мурда жашаган динозаврлардын тиш калдыктары табылды

Фукуи аймагындагы Динозавр музейи жана Нагасаки шаар башкармалыгы жүргүзгөн түшүндүрмөдө, Нагасаки жарым аралынын батышында 81 миллион жыл мурда жашаган мезозоид дооруна таандык 35 динозаврдын тишинин калдыктары табылганы айтылды.

Музей кызматкерлери казылып алынган тиш калдыктарынын 34ү бир канча метр аралыкта табылганын билдиришти.

« Бул аймакта көптөгөн динозаврлар жашаган деп айтсак болот. Эгер жакын жерлерде да өсүмдүк же жаныбарлардын калдыктары табылса, анда ошол мезгилдеги экосистеманын чындыкка жакындаштырылган вариантын түзүүгө болот»- деди.

Тиш калдыктарынын эң чоңунун узундугу 1,7 см болсо, туурасы 1 см түзөт.



Тектеш кабарлар