Күн системасына окшош планета системасы табылды

Эпсилон Эридани жылдызынын айланасында Күн системасына окшош планета системасы табылды.

726769
Күн системасына окшош планета системасы табылды

Дарыя (Эриданус) топ жылдызынын түштүгүндөгү Эпсилон Эридани жылдызынын айланасында Күн системасына окшош планета системасы табылды.

Американын авиация жана космос агенттиги (NASA), инфракызгылт астрофизика үчүн Стратосферикалык байкоо үйүнүн (SOFIA) аппаратынын жер шарынан 10,5 жарык жылы алыстыктагы Дарыя топ жылдызынынын түштүгүндө күндүн баштапкы абалын элестеткен жылдыз системасынын кеңири байкоолорун бүтүргөнүн жарыялады.

Кудум эле күн сыяктуу Эпсилон Эриданинин да түзүлүшүн бүтүргөндөн кийин боштукта айлануусун уланткан газ, чаң, муз жана жарчалардан турган бирикмелер менен курчалганы белгиленди.

Аты аталган бирикмелердин кеңири жана жайылган болушу мүмкүн экени сыяктуу Күн системасында Марс жана Юпитердин ортосундагы астероид алкагы же Нептундун тышындагы муз жана жарчалардан турган Куипер алкагы сыяктуу тыгыз алкактар түрүндө жарыла алганы байкалды.

Бул изилдөө «Astronomical Journal» журналында жарыяланды.



Тектеш кабарлар