Кытайда 2 миң жылдык шаар табылды

Казууларда жанаша турган 7 мазар менен бирге коло күзгү жана кездеме бөлүкчөлөрү табылды

702725
Кытайда 2 миң жылдык шаар табылды

Кытайдын Синжан уйгур автономиялуу аймагында 2 миң жылдык шаар ачыкка чыгарылды.

Синьхуа агенттигинин кабарына караганда автономиялуу аймактын Лоп Нур чөлүнүн жакындарында жүргүзүлгөн казуу иштеринде тереңдиги 2, 7, бийиктиги 2,5 жана узундугу 300 метрге жеткен тегерек болуп курулган дубалдар табылды.

Казууларда жанаша турган 7 мазар менен бирге коло күзгү жана кездеме бөлүкчөлөрү табылды. Табылган  дубал жана тарыхый чыгармалардын Жибек Жолу багытында орун алган эски шаарга таандык экендиги болжолдолууда.

Синжан уйгур автономиялуу аймагынын археологиялык институтунун жетекчилеринен Ху Шинжүн казуу учурунда табылган кызыл тал бутагы жана камыш бөлүкчөлөрүнө кычкылтек тестинин жасалгандыгын, тесттерге караганда дубалдардын курулушунун биздин замандын 25 – 220 -  жылдарга таянгандыгын белгиледи. Ху Лоп Нур аймагынын ал күндөрдө Лоулань королдугуна үй ээлик кылгандыгын белгилеп, дубалдардын бул королдукка таандык болушу мүмкүн деген ыктымал  боюнча  токтолушкандарын айтты.  

 

 



Тектеш кабарлар