Кытайда сойлоп жүрүүчү жаныбардын фосили табылды
Табылган фосилдин баш сөөгү балкага окшош
Кытайда 242 миллион жыл мурда жашаган бир деңиз сойлоп жүрүүчү жаныбарга таандык фосил табылды. Chun Li омурткалуулар палеонтологиясы жана палеоантропология институтунан илимпоздор Кытайдын Юннан аймагында ачыкка чыгарылган фосилдин балкага окшогон баш түзүлүшү бар экендигин жана суу өсүмдүктөрү менен азыктанганы болжолдолгонун белгилешти.
Фосил үлгүлөрүн иликтеген Шотландиядагы улуттук музейден палеонтолог Ник Фрасер : «Иликтенген жаныбар абдан кызыктуу баш түзүлүшүнө ээ. Чөп жеген деңиз сойлоп жүрүүчү жаныбарлар абдан аз кездешет. Ушул кезге чейин билинген алгачкы вегетериян деңиз жаныбары болушу мүмкүн»,- деди. Иликтөөнүн жыйынтыктары Science Advances журналында жарыяланды.
Тектеш кабарлар
Эверестке чыккан непалдык альпинист бир айдын ичинде экинчи жолу дүйнөлүк рекордду жаңылады
Ританын 8 миң 848 метрлик чокуга жергиликтүү убакыт боюнча саат 08:00дө жеткени айтылды.