Японияда басылган Кураан
Японияда 82 жыл мурда басылган биринчи Кураандын нускасы Орусияга караштуу Татарстан автоном республикасынын борбор шары Казанда
Японияда 82 жыл мурда басылган биринчи Кураандын нускасы Орусияга караштуу Татарстан автоном республикасынын борбор шары Казанда.
Кураан Казандагы ислам цивилизациясы музейинде көргөзмөгө чыгат. Токиодон Казанга алып барылуусунда арачылык кылган тарыхый нусканын 1934 - жылы 500 даана басылганын айткан Татарстан илимдер академиясынын мугалими, профессор Марат Гибатдинов булардын Египет, Афганстан жана Ирак да араларында болгон 33 өлкөгө жиберилгенин билдирди.
Нускалардын Токиодогу татарлар тарабынан басылганын белгилеген Гибатдинов : «Бул басылмалар ошол эле учурда исламиеттин Япониянын бардык жерине жайылуусу максатында мезгилдин Япония императоруна да белек кылынды»,- деди.
Тери менен капталган жана баракчаларынын четтери алтын менен кооздолгон тарыхый Кураан Казань ислам цивилизациясы музейинде көргөзмөгө коюлат.
Тектеш кабарлар
Эверестке чыккан непалдык альпинист бир айдын ичинде экинчи жолу дүйнөлүк рекордду жаңылады
Ританын 8 миң 848 метрлик чокуга жергиликтүү убакыт боюнча саат 08:00дө жеткени айтылды.