Фидан Палестина боюнча жолугушууларды өткөрүүдө

Хакан Фидан Палестина темасындагы жолугушууларынын алкагында Бельгиянын борбор шаары Брюсселде өткөрүлгөн «Эл аралык өнөктөштөр жыйыны» жана «Палестинанын таанылышын камтыган эки мамлекеттүү чечимдин ишке ашырылышы» жыйындарында билдирүүлөрдү жасады.

2144385
Фидан Палестина боюнча жолугушууларды өткөрүүдө

Тышкы иштер министри Хакан Фидан Палестинаны таанууну кийинкиге жылдыруунун маселени чечпей турганын, Израилге дагы көп убакыт утуп бере турганын айтты.

Хакан Фидан Палестина темасындагы жолугушууларынын алкагында Бельгиянын борбор шаары Брюсселде өткөрүлгөн «Эл аралык өнөктөштөр жыйыны» жана «Палестинанын таанылышын камтыган эки мамлекеттүү чечимдин ишке ашырылышы» жыйындарында билдирүүлөрдү жасады.

Израилдин фундаменталист Беньямин Нетаньяхунун өкмөтү тушунда палестиналыктарды кандай болсо да жок кылуу жана жоюу пландарын бүтүрүүгө чечкиндүү экенин баса белгилеген Фидан, бул ырайымсыз жок кылуу планынын Газадан Батыш Шериа жана Чыгыш Кудска карай жылып жатканын белгиледи.

Булардын баарын жеңүү үчүн Палестинанын толук кандуу мамлекет катары иштөөсүнө уруксат берилиши керектигин билдирген Фидан, Палестинанын өз системасын башкара турган өз мекемелеринин болушу керектигин баса белгиледи.

Хакан Фидан дагы көп өлкөнүн Палестина мамлекетин таануусу үчүн аракеттердин көбөйүшү керектигин, муну кийинкиге калтыруунун көйгөйдү чечпей турганын жана Израилге дагы көп убакыт утуп бере турганын белгиледи.

Ошол эле учурда тышкы иштер министри Хакан Фидан Испаниянын тышкы иштер, Европа Биримдиги жана кызматташтык министри Хосе Мануэль Альбарес менен жыйналыштардан мурда жолукту.



Тектеш кабарлар