Фидан - Липавский жолугушуусу

Тышкы иштер министри Хакан Фидан : "Израиль Газада  этникалык тазалоо жүргүзүүнү улантууда. Газада күн сайын жаңы согуш кылмышы жасалууда",-  деди.

2155894
Фидан  -  Липавский жолугушуусу

Тышкы иштер министри Хакан Фидан : "Израиль Газада  этникалык тазалоо жүргүзүүнү улантууда. Газада күн сайын жаңы согуш кылмышы жасалууда",-  деди.

Фидан Чехиянын тышкы иштер министри Ян Липавский менен борбор шаар Анкарада тышкы иштер министрлигинде болгон жолугушуусунан кийин биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

Фидан Израилдин Газадагы кол салуулары тууралуу : "Израилдин палестиналык боордошторубуздун жерлерин уурдап алышына үнсүз кала албайбыз",- деди. 

Дүйнөнү тынчтыктын жанында болууга чакырган Фидан аймактык кагылышуулардын глобалдык тобокелдигине көңүлдөрдү бурду

Фидан кесиптеши менен болгон жолугушуусунда Украинада уланып жаткан согушту да талкуулагандарын,  Түркиянын Украинанын көз карандысыздыгын, эгемендигин жана жеринин бүтүндүгүн колдогондугун, бирок согуштан улам адам өмүрүн алган жана коркунучтуу кыйроолорду көз жаздымда калтырбаганын айтты.

Бул согушта 500 миңден ашуун адамдын каза болгонун белгилеген Фидан, бул согуштун Украинанын тышына чыгуу ал түгүл массалык кыргын салуучу куралдын колдонулушуна алып баруу коркунучунун бар экендигин,  Түркия катары тараптардын тынчтык үчүн  сүйлөшүү столуна отургандарын көрүүнү каалагандарын айтты. 

Чехиянын тышкы иштер министри Ян Липавский өз сөзүндө : "Түркия биздин маанилүү соода жана инвестиция өнөктөшүбүз. Соода көлөмүбүз өткөн жылы 6 миллиард еврого жетти жана тынымсыз өсүүдө»,-деди.



Тектеш кабарлар