Бириккен Араб Эмирликтери Түркиянын Абу - Дабидеги элчиси Тугай Тунчерге сыйлык тапшырды

Бириккен Араб Эмирликтери Түркиянын Абу - Дабидеги элчиси Тугай Тунчерге карым-катнаштарды өнүктүрүүдөгү аракети жана кызматташтыгы үчүн «Мыктылык сыйлыгын» тапшырды.

2143775

Бириккен Араб Эмирликтеринин тышкы иштер министри Абдулла Бин Заид Аль Нахайяндын колдоосу астында биринчиси 2014 - жылы  берилген  Бириккен Араб Эмирликтери  аккредиттелген миссиялардын башчыларына карым  - катнаштарды  өнүктүрүүдөгү аракеттери жана кызматташуулары үчүн тапшырылган "Мыктылык сыйлыгынын" бешинчиси  кечээ Бириккен Араб Эмирликтеринин тышкы иштер министрлигинде өз ээлерине тапшырылды. 

Түркиянын Абу-Даби элчилиги X социалдык медиа платформасынан азем тууралуу билдирүү бөлүштү.

Билдирүүдө  элчи Тунчердин «Мыктылык сыйлыгын» алганы жана сыймыктанганы белгиленип : «Мыктылык сыйлыгы кызмат  кылуудан сыймыктанган Түркия менен Бириккен Араб Эмирликтеринин ортосундагы "Мыкты карым - катнаштарды" билдирет",- деп айтылды. 

Тектеш кабарлар