Жевдет Йылмаз ЕБ комиссары Вархели менен жолугушту

Борбор шаар Анкарада Бештепедеги жолугушууда Түркия-Европа Биримдиги (ЕБ) карым-катнаштары жана аймактык маселелер каралды.

2143488
Жевдет Йылмаз ЕБ комиссары Вархели менен жолугушту

Вице-президент Жевдет Йылмаз Европа Биримдигинин Коңшулук жана кеңейүү боюнча комиссары Оливер Вархели жана делегациясы менен жолугушту.

Борбор шаар Анкарада Бештепедеги жолугушууда Түркия-Европа Биримдиги (ЕБ) карым-катнаштары жана аймактык маселелер каралды.

Жолугушуу тууралуу социалдык медиадан билдирүү жасаган Жевдет Йылмаз: «Европа Биримдигинин башка талапкер өлкөлөр үчүн көрсөткөн ачык жана чечкиндүү саясий эрктин Түркия үчүн да бирдей шарттарда көрсөтүлүшү керектигин дагы бир жолу билдирдик»,- деди.

Жолугушууда; ЕБ менен Түркиянын ортосундагы сооданы көбөйтүү, Бажы биримдигин жаңыртуу, виза процедураларын жеңилдетүү сыяктуу темаларда позитивдүү мамиле түзүүнүн мааниси айтылды.

Эки тараптуу карым-катнаштар менен катар аймактык маселелер да талкууланды.

Израилдин геноциди уланып жаткан Газада ок атышпоонун камсыздалышы жана гуманитардык жардамдын үзгүлтүксүз жеткирилиши каралды.

Жевдет Йылмаз, бул темада Евробиримдик баш болгон эл аралык мекемелерден дагы интенсивдүү аракеттерди күткөндөрүн баса белгиледи.

Вархели да Түркия менен оң күн тартибин түзүүнү каалагандарын айтып, бул оң күн тартибинин алкагында соода жана бажы биримдигинин көбөйтүлүшүнүн өзгөчө маанилүү темалар болгонун билдирди. Оливер Вархели Газада дароо ок атышпоо жана жардамдардын үзгүлтүксүз жеткирилиши темасында бирдей пикирде экендиктерин маалымдады.

Жолугушууда Европа Биримдигине июль айынан баштап төрагалык кыла турган Венгриянын мөөнөтүндө карым-катнаштардын конкреттүү түрдө өнүгө турганы айтылды.



Тектеш кабарлар