Соода министри Анкарада Европа  Биримдиги  -  Түркия карым  - катнаштарына баа берди

Түркия менен Европа Биримдигинин ортосунда виза тууралуу кыйынчылыктардын жоюлушу үчүн сүйлөшүүлөр улантылууда.

2143440
Соода министри Анкарада Европа  Биримдиги  -  Түркия карым  - катнаштарына баа берди

Түркия менен Европа Биримдигинин ортосунда виза тууралуу кыйынчылыктардын жоюлушу үчүн сүйлөшүүлөр улантылууда.

Соода министри Өмер Болат борбор шаар Анкарада Европа  Биримдиги  -  Түркия карым  - катнаштарына баа берди.

Виза маселесин чечүү үчүн Европа Биримдиги менен координациялуу аракеттердин уланып жатканын белгилеген министр Болат, бажы биримдигинин жаңыланышынын да маанилүү экенине басым жасады.

Министр Болат : «Жарандарыбыздын керек болсо соода керек болсо туристтик же билим алуу, маданият жана искусство тармагында  Европа Биримдиги өлкөлөрүнө визалык кайрылуулары 30 пайызга өстү. Европа Комиссиясынын  төрайымы Фон дер Ляйендин билдирүүсүнө караганда Европа Биримдиги Комиссиясы  мүчө өлкөлөргө  Түркиядагы элчилик жана консулдуктарындагы керек болсо адам ресурстары жана техника жагынан көлөмүн жогорулатуулары керек»,-деди

Европа Биримдигинин Түркия менен сооданы өстүрүүнү каалагандыгын белгилеген министр Болат : «Түркия 211 миллиард доллардык эки тараптуу соода менен Европа Биримдигинин дүйнөдөгү эң чоң 5- соода өнөктөшү. Биз үчүн экспорттун 41 пайыздык үлүшү менен эң чоң соода өнөктөшүбүз. Соодабызда тең салмактуу экспорт жана импорт ктары. Муну дагы да арттырууга аракет кылуудабыз. Өткөн жылы глобалдык сооданын азайганына карабастан биздин Европа Биримдиги менен соодабызда  аз  болсо да өсүү болду»,- деди.

Соода министри алдыдагы жумада Европа Биримдигинин Комиссия төрагасынын орун басары менен Бельгиянын борбор шаары Брюсселде жолугуша тургандарын айтты.



Тектеш кабарлар