Эрдоган Ирандын президенти Раиси үчүн көңүл айтты

Эрдоган, социалдык медиа баракчасынан билдирүү бөлүштү.

2141641
Эрдоган Ирандын президенти Раиси үчүн көңүл айтты

Президент Режеп Таййип Эрдоган тик учак кырсыгында каза болгон Ирандын президенти Ибрахим Раиси үчүн көңүл айтты.

Эрдоган, социалдык медиа баракчасынан бөлүшкөн билдирүүсүндө: «Тик учак кырсыгында каза болгон урматтуу кесиптешим, бир тууганым, Иран Ислам Республикасынын Президенти Ибрахим Раисиге Аллахтан ырайым тилейм.

Маркум президент менен бир тик учакта каза болгон Ирандын тышкы иштер министри жана берки адамдарга да Аллахтан ырайым тилейм.

Дос жана бир тууган Иран элине, өкмөтүнө, Раиси мырзанын жана берки каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө, өзгөчө Иран Ислам Республикасынын Диний лидери Али Хаменеи мырзага терең кайгыруу менен көңүл айтам.

Кызматта турганда Иран элинин жана аймагыбыздын гүлдөп өсүшү үчүн жасаган аракеттерине жеке күбө болгон кесиптеши катары Раиси мырзага урматтоо жана ыраазычылык менен таазим кылам.

Түркия катары көп жолу болгон сыяктуу эле бул оор күндөрдө да  коңшубуз Иран менен бирге болобуз»,-деди.



Тектеш кабарлар