Эрдоган Испаниянын королу менен жолугушту

Сарсуэла королдук сарайындагы жолугушуу басма сөзгө жабык өттү.

2152282
Эрдоган Испаниянын королу менен жолугушту

Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркия-Испания 8-Өкмөттөр аралык саммитинин алкагында Испанияда король VI Фелипе менен жолугушту.

Сарсуэла королдук сарайындагы жолугушуу басма сөзгө жабык өттү.

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда жолугушууда Түркия менен Испаниянын карым-катнаштары, Израилдин Газада кылган кыргындары, аймактык жана глобалдык окуялар каралды.

Түркия менен Испаниянын ортосундагы карым-катнаштардын мындан ары да өнүгүп, тереңдей турганына ишенгенин белгилеген Эрдоган, эки тараптуу соода көлөмүн кеңейтүүдөн коргонуу өнөр жайы тармагындагы кызматташтыкка чейин бардык тармакта таштала турган кадамдардын эки өлкөгө пайда алып келерин баса белгиледи. 

Израиль башкаруучулугунун Палестина жерлериндеги геноцид саясаттарынын тез арада бүтүшү керектигин, Испаниянын бул темада таштаган кадамдары жана Палестинага көрсөткөн колдоосунун абдан маанилүү экенин баса белгилеген Эрдоган, бул процессте эл аралык коомчулуктун Израилге карата басымынын күчөшүнүн аймакта туруктуу тынчтыкка жол ача ала турганына көңүл бурду.

Жолугушууда президент Эрдоган король Фелипенин эң кыска убакытта Түркияга келишин күткөнүн белгиледи.

Президент Эрдоган андан кийин король VI Фелипе анын урматына берген сый тамакка катышты.



Тектеш кабарлар