Түрк желеги Нью - Йоркто желбиреди
Америка Кошмо Штаттарында 19 - Май Ататүрктү эскерүү, жаштар жана спорт майрамы белгиленди.
Америка Кошмо Штаттарында 19 - Май Ататүрктү эскерүү, жаштар жана спорт майрамы белгиленди.
АКШнын Нью-Йорк шаарынын экономикасынын борбору болгон Уолл Стрит аймагында салттуу түрк желегин көтөрүү аземи болду.
Түрктөр Түркия - Америка ассоциациялар федерациясы жана Нью-Йорк башкы консулдугу тарабынан уюштурулган 19 - Май майрамы үчүн Боулинг Грин паркында чогулушту.
Шейиттер үчүн бир мүнөттүк эскерүүдөн кийин мамлекеттик гимн аткарылды.
Аземге Түркиянын Вашингтондогу элчиси Седат Өнал, Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүл Ахмет Йылдыз, Нью-Йорктун башкы консулу Рейхан Өзгүр жана расмий өкүлдөр да катышты.
Аземде АКШда жашаган түрктөр да сөз сүйлөштү. Түрк окуучулары ырларды айтышты.
Нью - Йорктун полиция бөлүмүндө иштеген түрк полиция кызматкерлери коопсуздукту камсыздап, 19 - Май жаштар жана спорт майрамынын кубанычын бөлүштү.
Аземдин акырында түрк желеги Уолл Стрит аймагында көтөрүлдү.