Түрк орто мектебинин окуучусу Алперен Эл аралык Карибу математика сынагында биринчиликти алды

Эл аралык деңгээлде онлайн өткөн сынак, Канаданын Брок университети тарабынан окуучуларды математикага кызыктыруу максатында 1-класстан 12-класска чейин 6 категорияда жыл сайын 6 жолу уюштурулат.

2139845
Түрк орто мектебинин окуучусу Алперен Эл аралык Карибу математика сынагында биринчиликти алды

Бурсада жашаган орто мектеп окуучусу Алперен Ширин, Канадада 39 өлкөдөн 10 миң 371 окуучу катышкан Эл аралык Карибу математика сынагында биринчиликти жеңип алды.

Эл аралык деңгээлде онлайн өткөн сынак, Канаданын Брок университети тарабынан окуучуларды математикага кызыктыруу максатында 1-класстан 12-класска чейин 6 категорияда жыл сайын 6 жолу уюштурулат.

Англис, француз жана фарс тилдеринде окуучулардын математикалык билимдерин өлчөгөн сынактын 2023-2024-окуу жылындагы 6-бөлүмдөрү 1-2-май күндөрү өткөрүлдү.

Сынактын 5-6-класстарынын англис тили боюнча математика категориясына 39 өлкөдөн 10 миң 371 окуучу катышты. Бурса шаарындагы 6-класстын окуучусу Алперен Ширин 50 мүнөттүк тестте 15 суроого 37,02 мүнөттө туура жооп берип, өз категориясында дүйнө биринчилигине ээ болду.

Алперен Ширин ар дайым кызыккан тармак болгон математикада жөндөмүн жогорулатуу үчүн бош убактысында суроолорду чечип, акыл оюндарын ойногонун айтты.

Ширин билим алгандан кийин учкуч болгусу келгенин билдирди.



Тектеш кабарлар