Түрксат 6А эртең Анкарадан АКШга жөнөтүлөт
Саат 12.00де Мүртед аэропортунда боло турган жөнөтүү аземине транспорт жана инфраструктура министри Абдулкадир Уралоглу менен өнөр жай жана технология министри Мехмет Фатих Кажыр катышат.
Түркиянын алгачкы ата мекендик жана улуттук байланыш спутниги Түрксат 6А эртең Анкарадан Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Флорида штатындагы Кейп Канаверал космодромуна жөнөтүлүп, ал жерден космоско учурулат.
Саат 12.00де Мүртед аэропортунда боло турган жөнөтүү аземине транспорт жана инфраструктура министри Абдулкадир Уралоглу менен өнөр жай жана технология министри Мехмет Фатих Кажыр катышат.
Аземден кийин учурууга катыша турган кызматкерлер менен Түрксат 6А, Антонов АН-124 үлгүсүндөгү жүк ташуучу учак менен АКШга жөнөтүлөт. Түрксат 6Анын абадагы сапары болжол менен 1 күнгө созулат, андан соң Кейп Канаверал космодромундагы Space X обьектилеринде учуруу процедуралары башталат. Спутниктин 2024-жылдын 8-15-июлунда орбитага чыгарылышы пландалууда.
Түрксат 6А түрк инженерлери тарабынан борбор шаар Анкарада TUSAŞтагы (Түрк учак өнөр жайы акционердик өнөктөштүгү) USET (Космостук системаларды интеграциялоо жана сыноо борбору) тарабынан 80 пайыздан ашык локализация көрсөткүчү менен өндүрүлдү.
Түрксат 6А 42 градус чыгыш орбитасында, 35 миң 786 километр аралыкта жайгаштырылат. 7,5 киловатт кубаттуулуктагы жана 4 миң 250 килограмм салмактагы Түрксат 6А менен учурдагы спутниктери иштебеген Индия, Таиланд, Малайзия жана Индонезия Түрксаттын камтуу аянтына кирет. Спутниктер жеткен калктын саны 3,5 миллиарддан 5 миллиардга чейин көбөйөт.