Түркия Газага жардам берүүдө биринчи орунда турат

Тышкы иштер министрлиги Түркиянын Газага  берилген жардамдар боюнча биринчи орунда экендигин, жардам көлөмүнүн 54 миң тоннага жеткендигин билдирди.

2138210
Түркия Газага жардам берүүдө биринчи орунда турат

Тышкы иштер министрлиги Түркиянын Газага  берилген жардамдар боюнча биринчи орунда экендигин, жардам көлөмүнүн 54 миң тоннага жеткендигин билдирди.

Министрликтин социалдык медиа эсебинен Газага Түркиядан берилген жардамга байланыштуу маалымат берилди.

Газага берилген жардамдардын 31 пайызынын Түркия тарабынан берилгендиги жана дүйнөдө биринчи орунда экендиги маалымдалды.  

Тышкы иштер министрлиги да Газага ушул күнгө чейин берилген жардамдын 54 миң тоннага жеткенин билдирди.

Өзгөчө жума сайын  127 тонна ичүүгө боло турган суудун Түркиядан Газага жеткирилигендиги, 400дөн ашуун жаралуу жана бейтаптын Түркияда дарылангандыгы тууралуу маалымат да берилди.

Министрлик билдирүүсүндө : «Газага жардам берүүнү үзгүлтүксүз улантабыз»,- деп айтылды.



Тектеш кабарлар