Эрдоган: «Түркия үчүн шаарды трансформациялоо иштери тандоо эмес, зарылчылык»

Президент Эрдоган борбор калаа Анкарада Апаат жана чукул кырдаалдар төрагалыгынын (AFAD) алдындагы Мамлекеттик гидротехникалык иштердин (DSI) сел жана суу каптоо коркунучун азайтуу протоколу аземинде сөз сүйлөдү.

2133489
Эрдоган: «Түркия үчүн шаарды трансформациялоо иштери тандоо эмес, зарылчылык»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, калкынын 71 пайызы жер титирөө коркунучу жогору жерлерде жашаган Түркия үчүн шаарды трансформациялоо иштеринин тандоо эмес, зарылчылык экенин айтты.

Президент Эрдоган борбор калаа Анкарада Апаат жана чукул кырдаалдар төрагалыгынын (AFAD) алдындагы Мамлекеттик гидротехникалык иштердин (DSI) сел жана суу каптоо коркунучун азайтуу протоколу аземинде сөз сүйлөдү.

Эрдоган жер титирөө, сел, жер көчкү, өрт сыяктуу табигый окуялардын алдын алуу мүмкүн эместигин, бирок алар келтире турган зыянды минималдаштыруу биздин колубузда экенин айтты.

Жер Ортолук деңизинин бассейнинде жайгашкан Түркиянын климаттык кризистин азаптуу кесепеттерин эң көп сезген жана андан эң көп жапа чеккен мамлекеттердин бири экенин айткан Эрдоган, Түркиянын акыркы жылдарда жер титирөөдөн сел каптоолорго, өрттөн суу ташкынына, эпидемиядан согушка чейин көптөгөн түрдүү кыйынчылыктарга туш болгонун түшүндүрдү.

2023-жылдын 6-февралында очогу Кахраманмараш болгон жер титирөөлөргө токтолгон Президент, ушул убакка чейин 80 миңге жакын үй жана айыл үйлөрүн мыйзамдуу ээлерине тапшырганын, ай сайын 10-15 миң үйдү ээлерине тапшыруу менен жыл аягына чейин муну 200 миңге жеткирүүнү максат кылгандарын айтты. 

Эрдоган: «Калкынын 71 пайызы жер титирөө коркунучу жогору жерлерде жашаган Түркия үчүн шаарды трансформациялоо иштери тандоо эмес, зарылчылык»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар