Министр Мехмет Кажыр : " İMECE космостогу биринчи жылын аяктады"

Өнөр жай жана технология министри Мехмет Кажыр Түркиянын биринчи жогорку пикселдүү жергиликтүү жана улуттук байкоочу спутник İMECEнин космостогу биринчи жылын аяктагандыгын билдирди.

2128293

Кажыр социалдык медиа эсебинен берген билдирүүсүндө TÜBİTAK UZAY тарабынан чыгарылган жана  2023 -  жыл  15 -  апрелде учурулган байкоочу спутник İMECE орбитага жайгашкан учурдан тарта ишин ийгиликтүү аткаргандыгын белгиледи.

Болжол менен  700 километрден жогорку пикселдеги сүрөттөрдү тартуу мүмүкнчүлүгүн берген электро  - оптикалык камера да болгон бардык маанилүү тетиктердин жергиликтүү жана улуттук экендигин белгилеген Кажыр  : «İMECE спутнигинин ишке кириши менен Түркия космостук технологиядагы компетенттүүлүгүн далилдеди. Түркиянын биринчи улуттук байланыш спутниги TÜRKSAT 6Aны 2024-жылдын 8-июль жумасында космоско жөнөтөбүз жана ушундайча дүйнөдө кабарлашуу  спутниктерин чыгара алган дүйнөдөгү 11 өлкөнүн бири болобуз»,- деди.

Тектеш кабарлар