Газага гуманитардык жардам жеткире турган 9-кеме Мерсинден жөнөп кетти

Кеме болжол менен 40 саатка созула турган деңиз жолу аркылуу Газага эң жакын аймак болгон Египеттин Эль-Ариш портуна жетет.

2128552
Газага гуманитардык жардам жеткире турган 9-кеме Мерсинден жөнөп кетти

Түрк Кызылайы тарабынан Газага жеткирилиши үчүн даярдалган 3 миң 774 тонна гуманитардык жардам материалдарын ташыган кеме Мерсин эл аралык портунан жөнөтүлдү.

Израилдин кол салуусуна дуушар болгон Газа тилкесиндеги Палестина калкына тилектештик максатында тамак-аш, балдар үчүн буюмдар, уктоочу баштыктар жана глютенсиз азыктардан турган 3774 тонна жардам жүктөлгөн кемеде даярдыктар аяктады.

Андан соң Мерсин эл аралык портунда «9-Жакшылык кемесин» жөнөтүү аземи өткөрүлдү.

Кеме болжол менен 40 саатка созула турган деңиз жолу аркылуу Газага эң жакын аймак болгон Египеттин Эль-Ариш портуна жетет.

Портко токтогон кемеден түшүрүлө турган гуманитардык жардам материалдары фуралар менен Рефах чек ара бекетине жеткирилет.

Бул жердеги бажы процедураларынан кийин жардамдар Палестинанын Кызыл Жарым Айына тапшырылат.

Палестинанын Кызыл Жарым Айы да Газадагы муктаж болгондорго таратат.

Түрк Кызылайы жана AFADдын кызматташтыктагында бүгүнкү күнгө чейин ​​13 учак жана 8 кеме менен Газага жалпысынан 39 миң 697 тонна ар түрдүү гуманитардык жардам материалы жөнөтүлдү.



Тектеш кабарлар