Түркиядан Газага гуманитардык жардам ташыган кеме

Түрк Кызылайы Израилдин кол салууларынын бутасы болгон Газа тилкесиндеги Палестина калкына жардам колун сунууну улантууда.

2128022
Түркиядан Газага гуманитардык жардам ташыган кеме

Түрк Кызылайы тарабынан Газага жеткирилиши үчүн даярдалган 3 миң 774 тонна гуманитардык жардам материалы жүктөлгөн кеме эртең Эл аралык Мерсин портунан жол тартат.

Түрк Кызылайы Израилдин кол салууларынын бутасы болгон Газа тилкесиндеги Палестина калкына жардам колун сунууну улантууда.

Бул алкакта даярдалган азык-түлүк, ун, бала буюмдары жана уктоочу баштык салынган кутулардан турган 3 миң 774 тонна жардам Түрк Кызылайынын «9-Боорукердик Кемесине» жүктөлдү.

Мерсин Эл аралык портундагы даярдыктар аяктагандан кийин кеме эртең боло турган азем менен жол тартат жана болжол менен 40 саатка созула турган деңиз сапары менен Газага эң жакын аймак болгон Египеттин Эль-Ариш портуна жетет.

Рефах чек ара капкасына жүк ташуучу унаалар менен жеткириле турган жардамдар Палестина Кызылайы тарабынан Газада муктаж болгондорго жеткирилет.

Түрк Кызылайы жана AFAD (Кырсык жана Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы) менен биргеликте Газага бүгүнкү күнгө чейин 13 учак жана 8 кеме менен жалпы 39 миң 697 тонна ар түрдүү гуманитардык жардам материалдары жеткирилди.



Тектеш кабарлар