Йылмаз : «Аймагыбызда күчөгөн чыңалуунун мүмкүн болушунча тез арада басаңдашын каалайбыз»

Вице-президент Жевдет Йылмаз социалдык медиа эсебинен билдирүү жасады.

2127512
Йылмаз : «Аймагыбызда күчөгөн чыңалуунун мүмкүн болушунча тез арада басаңдашын каалайбыз»

Вице-президент Жевдет Йылмаз : «Аймагыбызда күчөгөн чыңалуунун мүмкүн болушунча тез арада басаңдап, Газада болуп жаткан адамзатка каршы кылмыштарга көңүл бурулушун каалайбыз»,-деди.

Жевдет Йылмаз, социалдык медиа эсебинен жасаган билдирүүсүндө: «Аймагыбызда күчөгөн чыңалуунун мүмкүн болушунча тез арада басаңдап, Газада болуп жаткан адамзатка каршы кылмыштарга көңүл бурулушун үмүт кылабыз. Ок атышпоонун орношу, эзилген Палестина элине гуманитардык жардамдын үзгүлтүксүз жеткирилиши жана туруктуу эки мамлекеттүү тынчтыкты орнотуу үчүн саясий процесстин башталышы үчүн Түркия катары мындан ары да бардык күчүбүздү жумшайбыз. Кыргындарга унчукпай Израилди шартсыз колдогондор аймактык чыңалууну күчөтүп, Нетаньяху башкаруусунун кылмыштарына шериктеш болууда.

Эл аралык коомчулуктун мыйзамга кайтып келиши, туураны жактап, Израиль өкмөтүнүн кол салууларын токтотуу үчүн позицияны карманышы тарыхый жана стратегиялык, ошондой эле гуманитардык зарылчылык. Согушта жеңүүчү болбойт, адилеттүү тынчтыкта ​​жеңилүүчү болбойт»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар