Эрдоган - Аббас сүйлөшүүсү

Фахреттин Алтун, ТРТ Хабердин түз эфириндеги билдирүүсүндө, президент Эрдогандын Аббас менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн айтты.

2127134
Эрдоган - Аббас сүйлөшүүсү

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббас менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун ТРТ Хабердин түз эфириндеги билдирүүсүндө, президент Эрдогандын Аббас менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн айтты.
Алтун Эрдогандын Аббаска кандай болсо дагы Израилдин Газага кол салууларына каршы бекем турууну уланта тургандарын билдиргенин баса белгилеп, «Израиль бул зулуму үчүн сөзсүз жоопко тартылат»,-дегенин кабарлады.
Эрдоган телефондук сүйлөшүүсүндө буларга да токтолду: «Биз БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чечими менен бирге ок атышууну токтотуу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү мобилизациялашыбыз керек. Израилге каршы бекем жана биримдикте күрөшүүбүз зарыл».
 



Тектеш кабарлар