Алтун ТРТ Араби тобуна жасалган кол салууга каршылык көрсөттү

Алтун социалдык медиа эсебинен билдирүү бөлүштү.

2127129
Алтун ТРТ Араби тобуна жасалган кол салууга каршылык көрсөттү

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун, Израиль тарабынан ТРТ Араби тобуна жасалган кол салууга реакция кылды.
Алтун социалдык медиа баракчасындагы билдирүүсүндө, Израилдин Газага кол салууларында журналисттерди атайылап бутага алуусунун токтобостон уланып жатканын айтты.
Газадагы Нусайрат лагеринде эфирге даярданган ТРТ Араби тобунун унаасына Израиль армиясы тарабынан кол салуу жаалганын белгилеген Алтун, көз карандысыз оператор болуп иштеген Сами Шахаданын кол салууда оор жаракат алганын жана операция жасалганын, ал эми ТРТ Араби кабарчысы Сами Берхумдун окуядан эч кандай жаракат албай аман калганын эске салды.
Алтун өз билдирүүсүндө: «Биз ушул жийиркеничтүү кол салууну катуу айыптайбыз. Бул терроризм болуп саналат. Терроризм токтоп, Батыш дүйнөсү бул мыкаачылыкка мүмкүн болушунча тезирээк каршы турушу керек. Израиль өз кыргындарын көрсөтпөө үчүн журналисттерди бутага алууда жана басма сөз эркиндигине кол салууда. Эл аралык коомчулуктун бул кол салууларга кайдыгер мамилеси да Израилди кубаттайт. Эми жетиштүү. Эл аралык коомчулук биздин көз алдыбызда болуп жаткан мыкаачылыктарга каршы чара көрүшү керек. Бул системалуу кол салууларга унчукпай тургандар Израилдин геноцид кылмышына шериктеш болгондор. Израилдин Газадагы журналисттерди бутага алган кол салууларын дагы бир жолу айыптап, оператор Сами Шахаданын тезирээк сакайып кетишин каалайм»,-деди.



Тектеш кабарлар