Эрдоган Малайзиянын премьер-министри менен телефон аркылуу сүйлөштү

Эрдоган менен Энвер бири-бирин Орозо айт майрамы менен куттукташты.

2126814
Эрдоган Малайзиянын премьер-министри менен телефон аркылуу сүйлөштү

Президент Режеп Таййип Эрдоган кечээ Малайзиянын премьер-министри Энвер Ибрахим менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда президент Эрдоган менен Малайзиянын премьер-министри Энвердин сүйлөшүүсүндө Түркия менен Малайзиянын эки тараптуу карым-катнаштары, аймактык жана глобалдык маселелер каралды.

Анда президент Эрдоган, Ислам дүйнөсүнүн биргелешкен аракеттери менен Израилге жана колдоочуларына жасалган басымдын күчөгөнүн белгилеп, тынчтык жана Палестинага колдоо көрсөтүү аракеттеринин чечкиндүүлүк менен улантылышы керектигин айтты.

Эрдоган менен Энвер бири-бирин Орозо айт майрамы менен куттукташты.



Тектеш кабарлар