Түркия Грециянын эки жаңы деңиз паркын жарыялай тургандыгына каршылык көрсөттү

Бул тууралуу тышкы иштер министрлиги маалымат берди.

2126457
Түркия Грециянын  эки жаңы  деңиз паркын жарыялай тургандыгына каршылык көрсөттү

Түркия Грециянын  эки жаңы деңиз паркын жарыялай турганын билдиргенине каршылык көрсөттү. Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Грециянын тышкы иштер министрлигинин 16 – 17 - апрелде Афинада өткөрүлө турган «Океандарыбыз конференциясы» учурунда бирөөсү Эгей деңизинде бирөөсү да Иония деңизинде болгон эки жаңы деңиз паркын жарыялай тургандыгына көңүл бурулуп булар айтылды : «Грециянын Эгей маселесине байланыштуу көптөн бери ар бир платформадан пайдалануу аракетинде экендиги белгилүү. Карым- катнаштарыбызда акыркы мезгилдеги жумшоого карабастан Грециянын бул жолу да экология тууралуу жагдайдарлы пайдаланып жаткандай көрүнүүдө.

Эгей маселелери жана эгемендиги эл аралык келишимдер менен Грециягаөткөрүлүп берилбеген айрым арал, аралча жана аскалардын статусуна байланыштуу жагдайларды Грециянын өзүнүн күн тартибинин алкагында пайдаланбашы керектигин сунуш кылабыз». Европа Биридиги да болгон үчүнчү тараптарга «Грециянын экология прогрммаларына карата саясий аракеттердин» курал болбошу тууралуу эскертүү берилген билдирүүдө эл аралык деңиз мыйзамынын жабык же жарым жабык деңиздерде жээктеш мамлекеттердин арасында экологиялык темалар менен бирге кызматташуунукубаттагандыгы баса белгиленип, Түркиянын Эгей деңиизинде Греция менен кызматташууга ар дайым даяр экендиги айтылды.



Тектеш кабарлар