Рамазан майрамы майрамдалууда

Эрте менен мечиттерди толтурган мусулмандар намаз окугандан кийин дуа кылышып, бири бирин майрамы менен куттукташты.

2126447
Рамазан майрамы майрамдалууда

Түркияда жана дүйнөнүн бир топ өлкөсүндө мусулмандар Рамазан майрамын майрамдашууда. Рамазан майрамынын биринчи күнү жарандар майрам намазы үчүн мечиттерге барышты.

Эрте менен мечиттерди толтурган мусулмандар намаз окугандан кийин дуа кылышып, бири бирин майрамы менен куттукташты.

Борбор шаарда жарандар эрте сааттарда мечиттерди толтурушту.  Түрдүү өлкөлрдөн мусулмандар мечиттерге салттуу кийимдери менен келишти. Намаздан кийин борбор шаардын тургундары мечитте бири бирин куттуктады.

Стамбулдун түрдүү аймактарынан келгендер менен жергиликтүү жана чет элдик көп сандаган турист майрам намазын шаардагы чоң жана тарыхый мечиттерде окушту.

Түркиянын башка облустарында да Рамазан майрамынын биринчи күнү жарандар майрам намазында мечиттерге барышып, бири бирин куттукташты.

Ошол эле учурда Израилдин чектөөлөрүнө карабастан Рамазан майрамынын намазын  60 миң мусулман оккупациядагы Чыгыш Кудста Месжид  -  и Аксада окуду.

Грузия, Кыргызстан, Өзбекстан, Азербайжан, Афганистан жана Швецияда да мусулмандар майрам намазынан кийин бири бирин куттукташты.



Тектеш кабарлар