Түркиядан Израилге карата чектөө киргизүү чечими чыгарылды

Соода министрлиги тарабынан бул тууралуу берилген маалыматта Израилге карата чектөө чечиминин арматурадан жалпак болотко, мрамордон керамикага чейинки продукт топторун камтыганы белгиленди.

2126200
Түркиядан Израилге карата чектөө киргизүү чечими чыгарылды

Түркия Израилге 54 продукт тобунун экспорттолушун чектөө чечимин чыгарды.

Соода министрлиги тарабынан бул тууралуу берилген маалыматта Израилге карата чектөө чечиминин арматурадан жалпак болотко, мрамордон керамикага чейинки продукт топторун камтыганы белгиленди.

Билдирүүдө :  "Түркия 2024 -  жылдын 9 - апрелинен тарта Израилге кээ бир продукциялардын экспортун чектөө чечимин чыгарды. Чечимдин талаптары министрлик тарабынан дароо ишке ашырылат. Белгиленген чектөөлөр Израиль Газада ок атышууну дароо токтотууну жарыялап,  уруксат бергенге чейин  белгиленген чектөөлөр күчүндө болот»,- деп айтылды.



Тектеш кабарлар