Түркия саламаттыкты сактоо туризминде борбор өлкө

Өткөн жылы Түркияга саламаттыкты сактоо туризми үчүн болжол менен 1 миллион 400 миң киши келген.

2125938
Түркия саламаттыкты сактоо туризминде борбор өлкө

Түркия саламаттыкты сактоо туризминде борбор өлкө болду.

Соода министрлигинин социалдык медиа эсебинен берилген маалыматка караганда Түркия саламаттыкты сактоо  туризминдеги артыкчылыктары боюнча өлкөлөр арасында жетинчи орунду алды.

Өткөн жылы Түркияга саламаттыкты сактоо туризми үчүн болжол менен 1 миллион 400 миң киши келген.

Саламаттык сактоо кызматынын экспорту 2 миллиард 300 миллион долларга жетти.

Министрлик өткөн жылы саламаттыкты сактоо кызматын экспорттоо боюнча иш алып барган компанияларга колдоо көрсөтүүнү 281 пайызга көбөйтүп,  733 миллион лира колдоо берилди.

Соода министрлигинин билдирүүсүндө Түркиянын саламаттыкты сактоо туризминдеги үлүшүн арттыруу үчүн аракеттердин үзгүлтүксүз уланып жатканы баса белгиленди.

 



Тектеш кабарлар