Түркиядан Казакстанга билдирүү

Билдирүүдө : "Түркия апаат жол ачкан жаралардын айыгышы үчүн бардык жардамды берүүгө даяр",- деп белгиленди.

2125670
Түркиядан Казакстанга билдирүү

Түркия Казакстандагы сел кырсыгына байланыштуу билдирүү жарыялады.

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү билдирүүдө Казакстандын ар кайсы аймактарында уланып жаткан сел апааты жана оор кырдаалдын натыйжасында он миңдеген казакстандык жарандын эвакуацияланышына терең кайгыруу болгондугу белгиленди. 

Казак калкына жана өкмөтүнө жакыш тилектер айтылган билдирүүдө : "Түркия апаат жол ачкан жаралардын айыгышы үчүн бардык жардамды берүүгө даяр",- деп белгиленди.

Казакстанда кардын эриши менен келген суу ташкындары уланып, ташкындардан таасирленген бир нече аймактан 60 миңге жакын киши эвакуацияланды. 

 



Тектеш кабарлар