Түрк Кызылайынын Газага жардамы

Түрк Кызылайы Газа үчүн гуманитардык жардам кемесин жиберди.

2125690
Түрк Кызылайынын Газага жардамы

Түркия Израилдин кол салуусу астындагы Газанын жанында.

Газага эң көп жардам берген экинчи өлкө Түркиянын Газа калкына жардамдары улантылууда. 

Түрк Кызылайы Газа үчүн гуманитардык жардам кемесин жиберет.

Бул тууралуу түрк Кызылайынын төрайымы Фатма Мерич Йылмаз социалдык медиа эсебинен : "Жаңы жардам кемеси үчүн аракетке өтүлдү",- деп жарыялады. 

Йылмаз жардам кемесине  жардамдардын жүктөлө баштаганын билдирди. 

Түркия жиберген жардам кутулары  да газалыктарга жеткирилүүдө. 

Түрк Кызылайы азык  - түлүк кутуларын алган   Ренад аттуу палестиналык кыздын кубанычын бөлүштү. 

Социалдык медиа эсебинен : "Газадан өзгөчө куту ачуу видеосу" деген темада палестиналык Ренаддын көрүнүшүн жарыялады. Видеодо кутунун ичиндеги азык  - түлүк материлдарын бир бирден санаган Ренад кубанычын билдирди. 

 



Тектеш кабарлар