Эрдоган: «Аллах жүрөгүңөрдү бир кылсын»
Президент Режеп Таййип Эрдоган Стамбулдагы Аясофия мечитинде окуган жума намазынан кийин коомчулукка кайрылды.
Президент Режеп Таййип Эрдоган Стамбулдагы Аясофия мечитинде окуган жума намазынан кийин коомчулукка кайрылды.
Жарандарды Кадыр түн менен куттуктаган президент Эрдоган: «Аллах жүрөгүңөрдү бир кылсын»,-деди. деди.
Израилдин Газадагы кол салууларына да токтолгон президент Эрдоган: «Ал жакта бир туугандарыбыз Израилдин зулумдугу астында. Лейла-и Кадир (Кудайдын кечи) дубасы үчүн Аллах бул боордошторубузду зулумдан сактасын. Учурда биз колубуздан келген бардык колдоолорду жана жардамдарды жөнөтүп жатабыз жана жөнөтүүнү да улантабыз», - деп айтты.
Ынтымак жана биримдиктин маанилүүлүгүнө көңүл бурган президент Эрдоган Курани Каримдеги Али Имран сүрөсүнүн 103-аятын окуп: «Баарыңар Аллахтын жибин, б.а. Куранды бекем кармагыла, жыгылбагыла. Бөлүнбөгүлө. Кептин баары мына ушунда. Биз бөлүнбөйбүз. Бирге болобуз, ынтымакта болобуз. Муну менен бирге Жараткан ар дайым күч-кубатыбызды, күчүбүздү сактасын. Аллах бизди Рамазанга жеткиргендей Орозо айтка да жеткирсин. Майрамды майрамдай кылгандардан болушун каалайм. Аллах ынтымагыбызды туруктуу кылса экен деп тилейм», - деди.