Түркия Газага 21 учак жана 8 кеме жөнөттү

Шен элчиликтин резиденциясында сүйлөгөн сөзүндө, Түркия менен Египеттин Газадагы гуманитардык абалга кайдыгер карабаганын белгиледи.

2125102
Түркия Газага 21 учак жана 8 кеме жөнөттү

Түркиянын Каирдеги элчиси Салих Мутлу Шен, Израилдин кол салуулары башталган 7-октябрдан бери Түркиянын Газага 21 жардам учагын жана 8 кемесин жөнөткөнүн айтты.

Шен элчиликтин резиденциясында сүйлөгөн сөзүндө, Түркия менен Египеттин Газадагы гуманитардык абалга кайдыгер карабаганын белгиледи.

Түркиянын Египет менен кызматташтыкта ​​гуманитардык жардамдарын арттырганына көңүл буруп, Газага жеткен жардамдын 95 пайызынын Египет бийлигинин колдоосу менен Египет аркылуу өткөнүн айткан элчи Шен, Түркиянын ушул убакка чейин 21 жардам учагын жана 8 жардам кемесин жөнөткөнүн, Газага барган ар бир жардам кемесинин 2-3 миң тонна жардам ташыганын» билдирди.



Тектеш кабарлар