Түркия Армения, АКШ жана Европа Биримдигинин ортосундагы үчтүк сүйлөшүү тууралуу билдирди

Тышкы иштер министрлиги Армения, АКШ жана Европа Биримдигинин ортосунда 5 - апрелде Бельгиянын борбор шаары Брюсселде өткөрүлө турган үч тараптуу жолугушуу тууралуу жазуу түрүндө маалымат берди.

2125034
Түркия Армения, АКШ жана Европа Биримдигинин ортосундагы үчтүк сүйлөшүү тууралуу билдирди

Түркия Армения, Америка Кошмо Штаттары  жана Европа Биримдигинин ортосунда боло турган жыйындын аймактагы татаал маселелердин чечилиши үчүн негиз катары алынышы керек болгон бейтараптык мамилесине зыян келтирерин белгиледи.

Тышкы иштер министрлиги Армения, АКШ жана Европа Биримдигинин ортосунда 5 - апрелде Бельгиянын борбор шаары Брюсселде өткөрүлө турган үч тараптуу жолугушуу тууралуу жазуу түрүндө маалымат берди.

Билдирүүдө Азербайжандын 2 -  Карабах согушунан кийин оккупациядагы жерлерин бошотушу жана Карабахта  19 – 20  - сентябрда уюштурган террорго каршы операциялары менен өлкөнүн бардык жерлеринде эгемендүүлүгүн калыбына келтирүүсүнүн натыйжасында  аймакта туруктуу тынчтык жана ырааттуулук үчүн тарыхый мүмкүнчүлүктүн пайда болгондугу белгиленди.

Бул тарыхый мүмкүнчүлүктүн  ийгиликке жетишине жакын болгон мындай мезгилде аймак тышындагы актерлор башта блгон үчүнчү тараптардын процесске адилеттүү жана тарапсыз мамилелери процесске зыян келтирүүдөн алыс болушу маанилүү экендиги белгиленген билдирүүдө булар айтылды : «Ушул алкакта  Армения, Европа Биримдиги жана АКШнын ортосунда  2024 -  жылы  5 -  апрелде ишке ашырылышы пландалган үчтүк жыйындын аймактагы баш  -  аламан маселелердин чечилиши үчүн бейтараптык мамилесине зыян келтирерин ачык айтуу биздин милдетибиз. Азербайжанды кошпогон бул демилге тынчтыкка кызмат кылуунун ордуна Түштүк Кавказдын бир геополитикалык кагылышуу аймагына айланышына жол ачат".

Билдирүүдө үчүнчү өлкөлөргө процесстин негизинде таштай турган кадамдарда аймактын өнөктөштөрүнө көңүл буруулары жана тараптарга бирдей аралыкта мамиле кылуу  чакыруусу кайталанып, Түштүк Кавказдын аймакта курула турган тынчтык жана туруктуулуктун негизинде жогорулап, ылайык болгон аймактык бейпилдикке жетерине толук ишенилгендиги билдирилди.

Түркиянын бул тууралуу өзүнө түшкөн милдетти аткарууга ар дайым даяр экендиги баса белгиленген билдирүүдө мындан кийин да Азербайжан менен Армениянын ортосунда туруктуу тынчтык үчүн тарыхый мүмкүнчүлүктүн пайдаланылышын кубаттоону уланта турганы белгиленди.



Тектеш кабарлар