Түркиядан Ооганстандагы муктаждарга азык-түлүк жардамы берилди

ТИКА Герат кеңсесинин билдирүүсүнө караганда Ооганстанда Рамазан айындагы жардам иш-чараларынын алкагында батыштагы Герат, Нимруз, Фарах жана Бадгис облустарындагы 600 үй-бүлөгө азык-түлүк жеткирилди.

2124469
Түркиядан Ооганстандагы муктаждарга азык-түлүк жардамы берилди

Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА) Ооганстандын батышында муктаж болгон 600 үй-бүлөгө азык-түлүк жардамын берди.

ТИКА Герат кеңсесинин билдирүүсүнө караганда Ооганстанда Рамазан айындагы жардам иш-чараларынын алкагында батыштагы Герат, Нимруз, Фарах жана Бадгис облустарындагы 600 үй-бүлөгө азык-түлүк жеткирилди.

Ар бир үй-бүлөгө 2 айга жете турган ун, күрүч, май, төө буурчак, көк жасмык, томат пастасы, чай, кант сыяктуу негизги азыктар жеткирилди. Бөлүштүрүүдө майыптарга, кары-картаңдарга, жесирлерге артыкчылык берилген.

Орозо айтта да жардамдар улана турганы айтылып, Рамазан айында муктаж үй-бүлөлөргө 30 тоннадан ашык гуманитардык жардам жеткирилгени белгиленди.



Тектеш кабарлар