Түрк аба жолдорунда жүргүнчү рекорду

THY өткөн жылы 83,4 миллион жүргүнчү ташыды.

2124776
Түрк аба жолдорунда жүргүнчү рекорду

Түрк аба жолдору (THY) 2023-жылы эң көп жүргүнчү санына жетти.

THY өткөн жылы 83,4 миллион жүргүнчү ташыды.

Компаниянын ички жүргүнчүлөр сыйымдуулугу өткөн жылы 2022-жылга салыштырмалуу 23,5 пайызга өссө, жүргүнчү саны да 19 пайызга көбөйүп 30 миллиондон ашты.

Эл аралык каттамдарда сыйымдуулуктун өсүшү 16 пайызга жакындаса, жүргүнчүлөрдүн саны 14 пайызга өсүп 53 миллионго жетти.

THY 35,7 миллиард доллардан ашкан жалпы активи, өткөн жылы Түркияга алып келген 16,3 миллиард долларлык экспорт кирешеси жана 8,1 миллиард долларлык салымы менен түрк экономикасы үчүн маанилүү булак түзүүнү улантты.

THY 2023-жылы APEX (Airline Passenger Experience Association) тарабынан 3-жолу «5 жылдыздуу глобалдык авиакомпания» сыйлыгына жана Улуу Британиядагы Skytrax учуу изилдөө кызматы тарабынан 8-ирет «Европанын мыкты авиакомпаниясы» сыйлыгына татыктуу болгон. Эл аралык каржы секторунда иш алып барган World Finance журналы жана веб-сайты тарабынан да экинчи жолу "Эң туруктуу желек ташуучу авиакомпания" болуп тандалды.



Тектеш кабарлар