НАТОнун тышкы иштер министрлеринин жыйыны өттү

Тышкы иштер министри Хакан Фидан катышкан жыйын НАТОнун борборунда альянстын 75 жылдыгына карата уюштурулган азем менен башталды.

2124970
НАТОнун тышкы иштер министрлеринин жыйыны өттү

НАТОнун тышкы иштер министрлери альянстын 75 жылдыгына карата Бельгиянын борбор шаары Брюсселде жолугушту.

Тышкы иштер министри Хакан Фидан катышкан жыйын НАТОнун борборунда альянстын 75 жылдыгына карата уюштурулган азем менен башталды.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг альянстын кеңейиши үчүн аракет кыла тургандарын айтты.

НАТОнун баш катчысы Европа өзүнүн коопсуздугу үчүн Түндүк Америкага, Түндүк Американын болсо Европага муктаж экенин баса белгилеп: «Бүгүнкү күндө НАТО болуп көрбөгөндөй чоң, күчтүү жана ынтымактуу. Башында 12 мүчөбүз бар болчу. Бүгүн 32 мүчөбүз бар. Андыктан биз бир нерсени туура кылышыбыз керек»,-деп айтты.

НАТОнун тышкы иштер министрлери жыйындын 2-күнүндө Украинага аскердик жардамдын эффективдүү болушун талкуулашты.

Бул алкакта НАТО-Украина кеңешинин жыйыны өттү.

Жыйындын алдында сүйлөгөн Украинанын тышкы иштер министри Димитро Кулеба, НАТОдон «Patriot» абадан коргонуу системасын талап кылгандарын айтты.

Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен да НАТОго мүчө өлкөлөр арасында Украинаны колдоо күчтүү бойдон калууда деп билдирди.

Блинкен Украинанын НАТОго мүчө болушуна даярдануу үчүн Вашингтондо саммит өтөөрүн белгиледи.



Тектеш кабарлар