Түркия Ирандын элчилигине кол салууну айыптады

Тышкы иштер министрлиги кол салууга байланыштуу билдирүү жасады.

2123952
Түркия Ирандын элчилигине кол салууну айыптады

Түркия Сириянын борбор шаары Дамасктагы Ирандын элчилигин бутага алган Израилдин кол салуусун айыптады.

Тышкы иштер министрлиги кол салууга байланыштуу билдирүү жасады.

Билдирүүдө Израилдин соңку мыйзам бузууларына жаңы эл аралык укук бузууларды кошкону белгиленди.

«Израилдин Дамасктагы Иран элчилигин бутага алган кол салуусун айыптайбыз»,-деп айтылган билдирүүдө сөз кылынган кыймылдын бүткүл аймакка таасир эте турган кагылышууга айланып кетишинен кооптонуу бар экени баса белгиленди.

Ошондой эле билдирүүдө: «Биз бардык тиешелүү тараптарды акыл-эстүүлүк жана токтоолук менен иш-аракет кылууга жана эл аралык мыйзамдарды сактоого чакырабыз»,-деп айтылды.

Ирандын Дамаск шаарындагы элчилигинин кампусунда жайгашкан консулдуктун имаратына мурунку күнү болгон абадан кол салууда Ирандын Төңкөрүш сакчылары армиясынан 7 киши, анын ичинде 2 генерал каза болду. Кол салууда каза болгондордун арасында 6 сириялык болгону, жалпы каза болгондордун саны 13кө жеткени жарыяланды.

Иран кол салууну Израиль кылды деп жарыяласа, Тель-Авив администрациясы унчукпай турганын улантты.

Иран кол салуу үчүн жооп берерин жарыялап, АКШны да жоопкерчиликке тартаарын билдирди.

 



Тектеш кабарлар