Түркия Газа тилкесине гуманитардык жардам жеткирүү боюнча экинчи орунда...

Израилдин Коргоо министрлигине караштуу Аймактардагы өкмөттүк иш-чаралардын координациясынын (COGAT) интернет сайтындагы маалымат.

2123964
Түркия Газа тилкесине гуманитардык жардам жеткирүү боюнча экинчи орунда...

Түркиянын Газа тилкесине гуманитардык жардамынын көрсөткүчү 23 пайызга жетти.

Израилдин Коргоо министрлигине караштуу Аймактардагы өкмөттүк иш-чаралардын координациясынын (COGAT) интернет сайтындагы маалыматка караганда Түркия Израилдин кол салууларына кабылган Газа тилкесине эң көп гуманитардык жардам жеткирген 2-өлкө болду. Түркиянын гуманитардык жардамынын көрсөткүчү 23 пайызга жетти.

COGATтын 31-марттагы маалыматына ылайык, Израилдин бөгөт коюусу уланган жана өтө аз санда кирүүгө уруксат берилген гуманитардык жардамдын көрсөткүчү жагынан Бириккен Араб Эмирликтери (БАЭ) 26 пайыз менен биринчи орунду ээледи. Жардамдын 23 пайызын жөнөткөн Түркия эң көп жардам берген экинчи өлкө болду. Түркиядан кийин 16 пайыз менен Сауд Арабия, андан соң 8 пайыз менен Катар болду.

COGATтын ошол эле датадагы билдирүүсүнө караганда, 26-марттан тарта Газа тилкесине кирүүгө уруксат берилген 21 тез жардам унаасынын 9у Түркия тарабынан белекке берилген жана Түркия бул жагынан биринчи орунда турат. Түркиядан кийин Кувейт 8 тез жардам унаасы менен 2-орунда турат.

Түркия Израилдин кол салуулары башталгандан бери Египет менен координацияда Газага кеңири гуманитардык жардам жеткирүүсүн улантууда.

Израиль гуманитардык жардамдын Египет чек арасындагы Рефах чек ара дарбазасы аркылуу Газага киришине уруксат берүү боюнча эл аралык чакырыктарга көңүл бурбай келет.

Тель-Авив администрациясы Түштүк Африканын Израилге каршы козгогон геноцид ишинде Газага гуманитардык жардамдын берилишине байланыштуу Эл аралык соттун убактылуу чара чечимин аткаруудан баш тартууда.



Тектеш кабарлар