Министр Фидан Брюсселге барды

НАТОнун тышкы иштер министрлери 2024-жылдын биринчи жыйыны үчүн 3-4-апрелде Бельгиянын борбор шаары Брюсселге чогулат.

2124040
Министр Фидан Брюсселге барды

Түркия НАТОнун саммитинде террор менен күрөштү күн тартибине алып чыгат...

НАТОнун тышкы иштер министрлери 2024-жылдын биринчи жыйыны үчүн 3-4-апрелде Бельгиянын борбор шаары Брюсселге чогулат.

Жыйында Түркияны өкүлдүк кыла турган тышкы иштер министри Хакан Фидан Брюсселге барды.

Жыйында жалпы бөгөт коюу темалары, терроризм менен күрөшүү жана Украинадагы окуялар каралат.

Швеция менен Финляндиянын мүчөлүгүнөн кийин альянстын акыркы абалы жана Вашингтон саммитине даярдыктар да күн тартибинде болот.

Жыйында министр Фидан НАТОнун терроризмге каршы биргелешип күрөшүүсү керектигин, мунун НАТОнун милдеттеринин бири экенин айтып, НАТОнун кээ бир мүчөлөрүнүн жикчил террордук уюм ПКК/ ЙПГ менен өнөктөштүк мамилеге киришинин кабыл алынгыс экенин дагы бир жолу баса белгилейт.

Хакан Фидан, союздаштардын коргоо өнөр жайы тармагында бири-бирине санкция жана чектөө киргизүүнүн альянстын талаптарына каршы келгенин да билдирип, Европанын коргонуу жана коопсуздугун кантип эффективдүү камсыз кыла ала турганы тууралуу Түркиянын пикирлерин жеткирет.

Жыйындын алкагында министр Фидандын Британия, Германия, Болгария жана Финляндиялык кесиптештери менен эки тараптуу жолугушуулары да өткөрүшү пландалууда.



Тектеш кабарлар