Президент Садыр Жапаров Түркиянын Президенти Режеп Таййип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Түркияда өткөн муниципалдык шайлоонун жыйынтыгы боюнча Түркия Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү.

2122860
Президент Садыр Жапаров Түркиянын Президенти Режеп Таййип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү

Президент Режеп Таййип Эрдоган Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Түркияда өткөн муниципалдык шайлоонун жыйынтыгы боюнча Түркия Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Садыр Жапаров Режеп Таййип Эрдоганды Түркияда муниципалдык шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады. Кыргызстандын Президенти белгилегендей, “Түркиянын эли өлкөнүн мындан аркы гүлдөп-өсүү жолунда мамлекеттик багытты колдоорун дагы бир ирет көрсөттү”.

Садыр Жапаров эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу багыттары боюнча диалогду улантууга даяр экенин баса белгилеп, кыргыз тарап Түрк лидерин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келишин күтүп жатканын айтты.

Мамлекет башчылары эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашып, мурда жетишилген келишимдерди ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Түркия Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдоганга жогорку мамлекеттик кызматтагы ишине ийгиликтерди, ал эми түрк элине ачык асман жана гүлдөп-өнүгүүнү каалады.

Президент Эрдоган Түркияда өткөрүлгөн жергиликтүү шайлоолорду демократиялык жол менен коопсуз түрдө өткөрүп алганы үчүн куттуктоосун айткан Жапаровго ыраазычылык билдирди.



Тектеш кабарлар