Эрдоган: «Шайлоонун жеңүүчүсү биздин демократия, биздин улуттук эркибиз»

Президент Режеп Таййип Эрдоган шайлоонун жыйынтыгы чыккандан кийин өзү төрагалыгын жүргүзгөн Адилеттик жана өнүгүү партиясынын башкы кеңсесинин балконунан жарандарга кайрылуу жасады.

2122871
Эрдоган: «Шайлоонун жеңүүчүсү биздин демократия, биздин улуттук эркибиз»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, кечээ болгон жергиликтүү шайлоонун жыйынтыгына байланыштуу: «Бул шайлоонун жеңүүчүсү биздин демократия, биздин улуттук эркибиз»,-деди.

Президент Эрдоган шайлоонун жыйынтыгы чыккандан кийин өзү төрагалыгын жүргүзгөн Адилеттик жана өнүгүү партиясынын башкы кеңсесинин балконунан жарандарга кайрылуу жасады.

«Жарандардын акыл-эстүүлүгү жана коопсуздук күчтөрүбүздүн берилип иштөөсүнүн натыйжасында түрк демократиясы өзүнүн жетилгендигин дагы бир жолу далилдеди»,-деп айткан Эрдоган сөзүн улап: «Шайлоо, өзүңүздөр билесиздер, демократиянын эң орчундуу күндөрү болуп саналат. Улуттун эрки үкөктөн көрүнөт. Эл өз үнүн үкөк аркылуу айтат. Эл саясатчыга үкөк аркылуу өз үнүн жеткирет. Эл үкөк аркылуу эскертүү жана ыраазычылыгын билдирет./.../. 31-март «Жергиликтүү башкарууну шайлоолорунда» түрк улуту кайрадан шайлоо үкөгүн саясатчыларга билдирүүлөрүн жеткирүү мүмкүнчүлүгү катары колдонду. Жыйынтыктарга карабастан , бул шайлоонун жеңүүчүсү биринчи кезекте биздин демократия, улуттук эрк жана саясий көз карашына карабастан бардык 85 миллион адам»,-деп айтты.

«Азырынча жыйынтык чыга элек болсо да, үкөктөрдүн жыйынтыгы бизге (Адилеттик жана Өнүгүү партиясы) өлкөбүздүн бүтүндөй бийиктигин жоготуп жатканыбызды көрсөтүп турат. Албетте, жергиликтүү негизде бул төмөндөөнүн себептерин да айрыкча талкуулайбыз. Кайсы жерде болбосун добуш жоготсок же артта калсак, себептерин абдан жакшы аныктап, керектүү кийлигишүүлөрдү жасайбыз»,-деп айткан Эрдоган шайлоонун жыйынтыгынын өлкөгө, улутка, шаарларга, кварталдарга жана айылдарга пайдалуу болушун каалады.



Тектеш кабарлар