«Боздоган-19» операциясы жүргүзүлдү

4 облуста уюштурулган «Боздоган-19» операциясында террористтерге таандык буталардын жок кылынганы кабарланды.

2122971
«Боздоган-19» операциясы жүргүзүлдү

Шырнак, Диярбакыр, Сиирт жана Хаккариде жүргүзүлгөн «Боздоган-19» операциясында террористтерге таандык 22 үңкүр, бункер жана баш калкалоочу жай жок кылынды.

Ички иштер министри Али Йерликая социалдык медиа баракчасынан жарыялаган билдирүүсүндө, Жандармерия Башкы Командирлигинин Террорго каршы күрөш башкармалыгы менен Коопсуздук кеңешинин координациясында Шырнак, Диярбакыр, Сиирт жана Хаккариде уюштурулган операцияларга жандармерия атайын операция (JÖH), ыкчам топ жана коопсуздук кызматкерлеринен турган 107 десант, ошондой эле 1445 жандармдын катышканын айтты.  

Йерликая, жикчил террордук уюмга мүчө террористтердин айыл жерлеринде кол салууларды кылуу үчүн үңкүр жана баш калкалоочу жайларга жашырган ар кандай курал-жарак, ок-дары жана жардыргыч заттарды жок кылуу максатында 4 облуста уюштурулган «Боздоган-19» операциясында террористтерге таандык 22 үңкүр, бункер жана баш калкалоочу жайдын жок кылынганын кабарлады.



Тектеш кабарлар