Эрдоган: «Бул шайлоо өлкөбүздө жаңы доордун башталышын шарттайт»

Президент Эрдоган жубайы Эмине Эрдоган менен Стамбулдун Үскүдар районунда добуш беришти.

2122706
Эрдоган: «Бул шайлоо өлкөбүздө жаңы доордун башталышын шарттайт»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, жергиликтүү шайлоодон өлкө жана улут үчүн жакшы жыйынтык күткөндөрүн айтты.

Президент Эрдоган жубайы Эмине Эрдоган менен Стамбул шаарынын Үскүдар районунда добуш беришти.

Эрдоган добуш берген мектепте жарандар ага сүйүү көрсөтүштү.

Президент Эрдоган добуш берүүдөн кийин билдирүү жасады.

Шайлоо процессинде абдан кызуу үгүт иштерин жүргүзүшкөндөрүн баса белгилеген Эрдоган: «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өлкөбүз жана элибиз үчүн пайдалуу жыйынтык берет деп ишенем. Бири-бирине жакын өткөн бул шайлоолор жакынкы мезгилде мамлекетибизде жаңы доордун башталышын шарттайт. Бир жагынан парламенттик, президенттик шайлоолор, жана экинчи жагынан, жергиликтүү башкарууга шайлоолор биздин өлкөдө жаңы доордун, жаңы кылымдын башталышына алып келет деп үмүттөнөбүз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар