Хакан Фидан : "Террорду тамырынан жок кылууда чечкиндүүбүз"

Тышкы иштер министри Хакан Фидан кечээ измирде маалымат берди.

2122315
Хакан Фидан : "Террорду тамырынан жок кылууда чечкиндүүбүз"

Тышкы иштер министри Хакан Фидан Түркиянын террор менен күрөшүүдө эң жогорку деңгээлге жеткенин белгилеп : “Биз терроризмди толугу менен жок кылууда чечкиндүүбүз",- деди. 

Кечээ Измирде  маалымат берген Фидан Эгей жана Чыгыш Жер Ортолук деңизде эч качан душмандык жаратууну көздөшпөгөндөрүн, бирок турмуштук маанилүү кызыкчылыктарды коргоодон тартынбай  тургандарын, террорду толугу менен жок кылууда чечкиндүү экендиктерин айтты.

Фидан сөзүндө Украинадагы согушту жана Газадагы зулумдуктарды адилеттүү жана туруктуу тынчтыктын негизинде акырына чыгаруу аракетинде алдыңкы планда тургандарына көңүлдөрдү бурду.

Министр Фидан Балкан жана Түштүк Кавказда аймактык ээ чыгуу маданиятын куруп, тынчтык жана ырааттуулук үчүн негизди бекемдөөгө аракет кылгандарын белгиледи.

 

 



Тектеш кабарлар