Президент Эрдоган 31 - марттагы шайлоо тууралуу билдирди

Президент Режеп Таййип Эрдоган социалдык медиа эсебинен 31 - мартта боло турган жергиликтүү кеңештерге шайлоо тууралуу билдирүү берди.

2121904
Президент Эрдоган 31 -  марттагы шайлоо тууралуу билдирди

Президент Режеп Таййип Эрдоган социалдык медиа эсебинен 31 - мартта боло турган жергиликтүү кеңештерге шайлоо тууралуу билдирүү жарыялады.

Эрдоган  X эсебиндеги билдирүүсүндө буларды айтты : «Биз бардык айырмачылыктарыбыз менен 85 миллион адамдан турган чоң үй-бүлөбүз. Биз шайлоо ырыбызда айтылгандай : Баарыбыз бир жүзүмзардын гүлүбүз, бир тоонун шамалыбыз. Бул биримдикти канчалык бекем сактасак, келечегибизге ошончолук ишенимдүү карай алабыз. Саясий көз караштарыбыз,  бирдикте болгон партияларыбыз, тегибиз,  турмуш стилибиз башка болушу мүмкүн. Бирок Түркия баарыбыздын өлкөбүз, орток уябыз. Улуттук эрктин ортого чыгышынын каражаты болгон үкөк 85 миллион калкка аманат. Добуш берүү менен добушубузга ээ чыгуу менен демократиябызга болгон жоопкерчилигибизди орундатабыз. 31 -  марттагы шайлоонун азыртадан өлкөбүзгө, элибизге пайдалуу болот деп ишенем". 

 



Тектеш кабарлар