Фидан Ерапетритис менен жолугушту

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Өнжү Кечели X социалдык медиа платформасында Фидан менен Ерапетритистин жолугушуусу тууралуу билдирүүсүн бөлүштү.

2132811
Фидан Ерапетритис менен жолугушту

Тышкы иштер министри Хакан Фидан Англиянын борбор шаары Лондондо Грециянын тышкы иштер министри Йоргос Ерапетритис менен жолугушту.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Өнжү Кечели X социалдык медиа платформасында Фидан менен Ерапетритистин жолугушуусу тууралуу билдирүүсүн бөлүштү.

Бөлүшүүдө,"Урматтуу Грециянын премьер-министринин (Кириакос Мицотакис) жакынкы мезгилде Анкарага иш сапарына даярдык көрүүнүн алкагында Түркия менен Грециянын тышкы иштер министрлери бүгүн (кечээ) Лондондо жолугушуу өткөрүштү. Эки тараптуу мамилелерден тышкары, аймактык жана эл аралык маселелер да талкууланды»,- деп айтылды.



Тектеш кабарлар