ТБ 3 куралдуу учкучсуз учуучу аппараты учуу сыноосун ийгиликтүү аяктады
Сыноо учурунда машыгуу учуусун аткраган Байрактар AKINCI чабуул коючу учкучсуз учуучу аппараты да ASELFLIR-500 менен коштолду.
Байкардын улуттук жана жергиликтүү мүмкүнчүлүктөр менен иштелип чыккан Байрактар ТБ 3 учкучсуз учуучу аппараты классында дүйнөнүн эң мыктысы болгон ата мекендик электро - оптикалык системасы ASELFLIR - 500 менен биринчи учуу сыноосун ийгиликтүү аяктады.
Компаниянын билдирүүсүнө караганда улуттук куралдуу учкучсуз учуучу аппараты Текирдагдын Чорлу районундагы AKINCI учуу - машыгуу жана сыноо борборунда өткөрүлгөн Орто Бийиктиктеги системаны аныктоо жана аткаруу сыноосунда биринчи жолу Аселсан тарабынан улуттук түрдө иштелип чыккан ASELFLIR-500 менен учту.
Аткарылган сыноонун негизинде дүйнөдөгү эквиваленттерине салыштырмалуу эң жогорку көрсөткүчкө ээ болгон ASELFLIR-500 электро-оптикалык чалгындоо, байкоо жана бутага алуу системасынын интеграциясы ийгиликтүү ишке ашырылды. Сыноо учурунда машыгуу учуусун аткраган Байрактар AKINCI чабуул коючу учкучсуз учуучу аппараты да ASELFLIR-500 менен коштолду.
Ушундайча Байрактар ТБ 3 куралдуу учкучсуз учуучу аппараты 6 саат учкан 25 - учуу сыноосун ийгиликтүү аяктады.