Түркиядан Бельгиядагы ПКК провокациясына реакция

Тышкы иштер министрлигинин социалдык медиа аккаунтунан билдирүү жасады.

2120669
Түркиядан Бельгиядагы ПКК провокациясына реакция

Түркия Бельгиядагы жикчил террордук уюм ПКК провокациясына реакция кылды.

Тышкы иштер министрлигинин социалдык медиа аккаунтундагы билдирүүдө, Бельгиянын Левен шаарында 24-мартта чогулган жикчил террордук уюм ПКК колдоочуларынын, Хойсден-Золдер жана Хаутален шаарларында жашаган түрк жарандарын бутага алган кол салууларды жасаганы белгиленди.

Бул окуяларда адам өлүмү катталбаганы, бирок кээ бир түрк жарандарынын жараланганы баса белгиленип: «Окуяларга байланыштуу Брюсселде жана Анкарада Бельгия органдарынын карамагында дароо чара көрүлдү. Министрибиз ошол эле түнү Бельгиянын тышкы иштер министри Хаджа Лахбиб менен телефон аркылуу сүйлөштү. Мындан тышкары Бельгиядагы дипломатиялык өкүлдөрүбүз окуя болгон аймактарда жашаган жарандарыбыз менен жолугушту. Бельгиядагы коомчулугубуздун акыл-эстүү мамилеси жана Бельгиянын полиция органдарынын эффективдүү кийлигишүүсүнүн негизинде окуялардын курчушуна бөгөт коюлду. Кол салгандарга каршы жергиликтүү бийлик тарабынан иликтөө иштери башталды. Окуялар ПКК террордук уюмунун Батыш Европада социалдык тынчтыкты жана коомдук тартипти коркунучка салганын дагы бир жолу көрсөттү. Жагдайга бардык деңгээлде байкоо жүргүзүлүүдө жана керектүү чараларыбыз уланууда»,-деп айтылды.



Тектеш кабарлар